Грузиянын мурдагы президенти жана жакында эле украин жарандыгынан ажыратылган Одессанын экс-губернатору Михаил Саакашвили Киевге кийинки айда барууну пландап жатканын билдирди.
«Мен Украинага кайтып барам. 10-сентябрда Польшадан барып, Львов облусундагы Краковец көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өтөм», – деди ал 16-августта Фейсбуктагы түз эфир учурунда.
Президент Петр Порошенко 26-июлда Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. Грузиянын мурдагы президенти бул чечимди «Украинанын саясатынан мыйзамсыз жол менен четтетүү ыкмасы» деп атаган.
Саакашвили Грузияда бийликке 2003-жылдагы «роза революциясынан» кийин келген. Бийликтеги акыркы жылдары анын популярдуулугу төмөндөп кеткен. Ага Орусиянын аскерлери Грузиянын аймагына кирип баргандан кийин башталган беш күндүк согуш да өз таасирин тийгизген. Саакашвили 2015-жылы Одесса облусунун губернатору болуш үчүн украин жарандыгын алган соң, грузин жарандыгынан ажыраган. 2016-жылы ноябрда ал отствакага кетип, өз чечимин украин бийлиги анын жемкорлукка каршы аракеттерине тоскоолдук кылып жатканы менен түшүндүргөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ