Menu

Президент КР Сооронбай Жээнбеков: Пусть в каждом доме будет благополучие, гармония, спокойствие и уют

Поделиться

Текст поздравления Президента Кыргызской Республики Сооронбая Жээнбекова кыргызстанцев с Новым 2018 годом :

Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу калайык журтум!

Саналуу мүнөттөрдөн соң биз Жаӊы жылдын босогосун аттайбыз!

Баардык мекендештеримди, ар бир кыргызстандыкты Жаӊы 2018-Жыл менен куттуктайм!

Эски жылды узатып жатып, өткөнгө кылчая карайбыз. Аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарабыз. Эртеӊкинин максаттарын белгилейбиз. Жаӊы үмүттөр, жакшы маанай менен жаркын келечекке кадам таштайбыз.

Узап бараткан 2017-жыл тарыхый жыл болду. Бул жылы биз экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырдык. Эл аралык аренада өлкөбүздүн аброю жогорулады.

Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаӊы Президенти шайланды. Кыргызстан дүйнө жүзүнө демократиялуу мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди.

Азыр Кыргызстан өнүгүүнүн эӊ маанилүү  мезгилине келди. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз.

Биз таза коомду курууга бет  алдык. Эӊ башкысы –коррупция менен чечкиндүү күрөштү улантабыз.

Өлкөнүн, коомдун тазалыгы – эң оболу ар бирибиздин жүрөгүбүздүн, ниетибиздин  тазалыгынан башталат.

Улуттук дөөлөттөрдү бийик туткан, руху күчтүү коомду, ар бирибиз жүрөгүбүз, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо шарты ыӊгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз.

Биз баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдейбиз. Улуттар аралык биримдикти чыӊдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз.

Эл аралык байланыштар жаңы баскычка көтөрүлөт. Коңшуларыбыз менен салттуу достугубуз чыңдалат.

Мен элибиздин акылмандыгына, жаратман күчүнө ишенем! Кыргызстаныбыздын келечеги кең. Биз үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!

Уважаемые соотечественники!

Дорогие кыргызстанцы!

Через несколько минут начнет свой отсчет Новый 2018 год!

Поздравляю всех вас, каждого кыргызстанца с Новым годом!

Кыргызстан подошел к важному этапу своего развития. Перед нами стоят большие цели, мы скоро примем долгосрочную стратегию нашего развития.

Мы приступили к созданию чистого, справедливого общества. Человек и семья станут во главу угла всей государственной политики. Самое главное – мы решительно очистим страну от коррупции. Обеспечим единство и целостность народа.

Будем развивать международные отношения. Традиционную дружбу с нашими соседями поднимем на новый уровень.

Наш успех зависит от совместного труда и настойчивости каждого из нас. Я верю в неиссякаемую мудрость и  созидательную  силу нашего народа.

Дорогие друзья!

Встреча Нового года всегда дарит новые надежды и ожидания.

Пусть в каждом доме будет благополучие, гармония, спокойствие и уют. Каждый из нас будет здоров и счастлив.

Желаю, чтобы ваши светлые надежды воплотились в жизнь!

Урматтуу кыргыз элим! Калайык журтум!

Биз, азыр чын жүрөгүбүздөн толкунданып, Жаңы Жылды күтүп жатабыз. Бул ирмем менин жүрөгүмдөгү үмүт отун, Сиздерге болгон тунук ниетимди,  жакшы тилектеримди жеткирсин!

Жаӊы Жыл аруу пейил, асыл  үмүт, таза дил менен башталсын. Максаттар ишке ашып,  үмүттөр орундалып, элибизге береке, кут, бакыт, түгөнбөс дөөлөт алып келсин! Ар бир үйгө токчулук жана бекем ден-соолук каалайм!

Куттуу элибизге – биримдик, кутман жерибизге – тынчтык тилейм!

Келечекке багытталган кыргыз көчүнүн сапары байсалдуу болсун!

Жаратканыбыз элибизден жакшылыгын аябасын!

С Новым годом!

Жаңы Жылыңыздар менен!

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha × nine = sixty three

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: