Menu

Кыргыз окумуштууларынын диссертацияларынан плагиат табылууда

Поделиться

Кыргызстандык окумуштуулардын диссертацияларында плагиат табылды. Илимий эмгектерди көчүрүп алууга мурдагы жана азыркы аткаминерлер дагы айыпталууда. Алар плагиат фактысын четке кагып, иликтөө жүргүзгөн орусиялык “Диссернет” уюмун алдамчы деп аташууда.

“Диссернет” 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Иликтөөчүлөр кыргыз окумуштууларынын 600дөй диссертацияны текшерип, көчүрүп алынганын аныкташкан.

“Диссернет” парламент депутаты Акылбек Жапаровду дагы плагиатка айыптоодо. Ал мурун вице-премьерлик кызматты аркалап, каржы министрлигин жетектеген. Аны менен кошо Жапаров илимий ишмердүүлүк менен дагы алектенген: 2009-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.

“Диссернет” Жапаровго таандык илимий эмгектеги эки жүздөн ашуун барактын жарымы плагиат экенин билдирген. Депутат мунун четке кагып, бул 2020-жылы өтө турган параменттик шайлоо алдындагы саясий оюн экенин кошумчалаган. Ал плагиат айыптоолорунун артында атайын кызыктар кишилер бар деп эсептейт.

“Диссернеттин” негиздөөчүсү, физика-математика илимдеринин доктору Андрей Ростовцев кыргызстандык окумуштуулар диссертацияларында Орусия окумуштууларынын эмгектерин пайдаланганын ырастоодо.

– Бизде орусиялык окумуштуулардын тексттеринин баары бар. Биз алар менен өтө тыгыз иштешебиз. Программа бул тексттерге окшош, бирок Орусияда жакталбаган башка тексттерди көрүп турат. Биз карап чыктык, көрсө алар Кыргызстанда экен, – деди ал.

Жапаровдон тышкары “Диссернет” өлкөдөгү башка белгилүү окумуштуулардын эмгектеринен дагы плагиат тапкан.

Юридика илимдеринин кандидаты Клара Сооронкулованын айтымында, Кыргызстанда илимий эмгектерди жактоо жана илимий макам алуу – “балит коррупциялык саз”. Ал диссертациялык кеңеш мүчөлөрү талапкерлерден акча аларын белгилейт. Илимий даража канчалык жогору болсо, тариф дагы ошончолук кымбат.

Кыргызстанда 800дөн ашуун илимдин доктору жана 400дөй илимдин кандидаты бар.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha ÷ seven = one

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: