Menu

Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон атайын бөлүмдүн  кызматкерлерин эскерүүгө арналган ИИМдин күжүрмөн самбо боюнча биринчилиги өттү

Поделиться

2019-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Динамо”
спорттук бирикмесинде кызматтык милдетин аткарып жатып баатырларча
курман болгон кызматкерлердин жана 23-февраль-Ата-Мекенди коргоочулардын
күнүнө карата ИИМдин кызматкерлеринин арасында күжүрмөн самбо боюнча
турнир өткөрүлдү.
Спорттук иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын ички иштер
министринин орун басары милициянын генерал-майору К.Асанов, ИИМдин
Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Генералдар
клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин “Шумкар” АБПнын командири
Аскат Султаналиев жана атайын бөлүмдүн командирлери  менен кызматкерлери
катышышты.
Бул иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин
орун басары милициянын генерал-майору К.Асанов, спорттук иш-чаранын
баардык катышуучуларын ИИМдин жетекчилигинин атынан куттуктап
төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү.
“Урматтуу кесиптештер, бүгүнкү күңдө милицияга бериле турган эң жогорку
баа – бул элдин  ишеними.      Атайын багыттын кызматкерлери мындай
ишенимге ар дайым ээ болот.
Эң өкүнүчтүүсү асманыбыз ачык, жашообуз бейпил,  болуусу үчүн Өздөрүнүн
кызматтык милдетин ак ниеттен аткарып жатып,  кээ бир ата-эненин жалгыз
баласы,   үй-бүлөөнүн сүйүктүү атасы жана жары, биздин дос курбуларыбыз
болгон ондогон кызматкерлерибиз  баатырларча курман болуп, арабызда
жоктугу….
Ал кызматкерлердин аты Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар
менен жазылып, алардын жаркын элеси ар бир кызматкердин жүрөгүндө
түбөлүккө сакталып  кала берет деген ишеничтемин.   Учурдан пайдаланып,
ушундай Манастын урпактары болгон эр-азамат, тайманбас баатырларды
тарбиялап өстүргөн ата-энелерине, үй-бүлөлөрүнө терең ыраазычылык
билдирип, таазим кылабыз»- деп билдирди министрдин орун басары К.
Асанов.
ИИМдин күжүрмөн самбо боюнча биринчилиги атайын бөлүмдөрдүн курман
болгон кызматкерлерин эскерүүгө арналып, Ата мекенди коргоо күнүнө
карата кызматкерлерди күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында
өткөрүлүп жаткандыгын эскертебиз. Турнирге 19-20-февраль күндөрү Бишкек
шаарында «Динамо» залында өтүп, ага республиканын ИИОнун атайын
бөлүмдөрүнүн 97 спортчусунан турган 13 команда катышууда. Аталган
иш-чара жыл сайын өтөт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызмат учурунда курман
болгон кызматкерлеринин тизмеси:
–       Милициянын ага лейтенанты Туйтунов Муратбек Базарбекович, ИИМдин
МАБОнун 1-ротасынын командиринин орун басары, 2000-жылы 11-сентябрда
Жалал-Абад облусунун Чаткал  районунда куралдуу кылмыштуу түзүмдү
куралсыздандыруу боюнча операцияда баатырларча курман болгон;
–       Милициянын кенже сержанты Накидкин Дмитрий Викторович, ИИМдин МАБОнун
взводунун милиционер-снайпери, 2000-жылы 11-сентябрда Жалал-Абад
облусунун Чаткал  районунда куралдуу кылмыштуу түзүмдү куралсыздандыруу
боюнча операцияда курман болгон;
–       Милициянын ага сержанты Түгөлбаев Мирдин Жекшенбекович, ИИМдин
Криминалдык борборунун милиционер-кинологу, 2000-жылы 11-сентябрда
Жалал-Абад облусунун Чаткал  районунда куралдуу кылмыштуу түзүмдү
куралсыздандыруу боюнча операцияда курман болгон.
–       Милициянын старшинасы Сарыбаев Улан Молдобекович, ИИМдин МАБОнун
2-ротасынын калкалоо тобунун милиционери, 2006-жылыы 12-майда
Тажикистандан Баткен облусунун Кадамжай районуна кирип келген куралдуу
кылмышкерлерди жок кылууда курман болгон.
–       Милициянын старшинасы, Жумакадыров Өмүрбек Султанович, ИИМдин ТЧКАОнун
1-бөлүмдүн ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү 2007-жылы 19-январда Аламүдүн
районунун Пригородное айылында өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн
издөөдө жүргөн УКТнын мүчөсү Нарматовду кармоо боюнча иш-чараларды
жүргүзүү учурунда курман болгон;
–       Милициянын кенже сержанты Жаанов Уланбек Садыкович, ИИМдин ТЧКАОнун
2-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү 2011-жылы 22-ноябрь күнү
кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон;
–       Милициянын прапорщиги Молдожакыпов Нургазы Илимгазиевич, ИИМдин АБПнын
камсыздоо взводнун милициянер-айдоочусу 2014-жылы 11-апрелинде кызматтык
милдетин аткарып, атайын каражаттар бар жүктү алып келе жатканда
автоунаа оодарылып кетип, чычкан капчыгайынан кулап кетип каза болгон;
–       Милициянын капитаны Исмаилов Төлөбек Эсенбекович,  ИИМдин ТЧКАОнун
Күжүрмөн-кызматтык даярдануунун ага тескөөчүсү.  2015-жылдын 22
октябрында “Достук” кичирайонунан Экстремист Итибаевди кармоо учурунда
курман юолгон.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha × eight = seventy two

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: