Menu

Ноокатта 6 жаштагы кызды зордуктагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган эркек киши райондук соттун өкүмүнө макул болбой облустук сотко даттанды

Поделиться

Ош облусунун Ноокат районунда 6 жашар кызды зордуктаган адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын август айында 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелип Ноокат районунун тургуну кармалган.

2020-жылдын 5-август күнү саат 10:00 чамасында жергиликтүү тургун К.М.А мас абалында 1959-жылы туулган М.А.нын үйүнө барып, ойноп жаткан 2014-жылы туулган А.Ж.ны көргөн. Эркек киши үйдө чоң кишилер жоктугунан пайдаланып, кичинекей кызды алдап, алма бакка алып барып зордуктаган.

Ноокен райондук соту 2020-жылдын 13-ноябрында К.М.А.  “Зордуктоо” беренси боюнча күнөөлүү деп таап, ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

Соттолгон М.К. райондук соттун өкүмүнө макул болбой, апелляциялык арыз берген.

2020-жылдын 17-декабрында Ош облустук сотуна апелляциялык арыз жолдонгон.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha × 3 = nine

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: