Menu

Трамп АКШнын коргонуу бюджетинин долбооруна вето койду

Поделиться

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн 2021-жылга карата 740 миллиард долларлык коргонуу бюджети тууралуу мыйзам долбооруна вето койду.

Трамп мындай чечимин долбоордо улуттук коопсуздук үчүн маанилүү чаралар каралбагандыгы, ошондой эле ал өлкөнү ички жана тышкы саясатта артыкчылыктуу кылууга далалаттанган өкмөттүн аракеттерине каршы келгендиги менен түшүндүрдү. «Бул – Кытай менен Орусияга белек кылганга тете», – деди ал.

Трамптын айтымында, интернет платформаларды колдонуучулардын жарыялаган контенти үчүн каралган юридикалык жоопкерчиликтен бошотуу тууралуу бөлүк да долбоордон алынышы керек.

1960-жылдан бери АКШнын коргоо жаатындагы жылдык бюджеттери тууралуу мыйзам долбоорлору эч бир президенттин ветосу жок эле кабыл алынып келген.

2021-жылга белгиленген бюджет Орусиянын “Түндүк агым-2” жана “Түрк агымы” сыяктуу куурлар аркылуу жаратылыш газын өткөрүү долбоорлоруна каршы чектөөлөрдү күчөтүүнү да өзүнө камтыйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha − two = two

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: