“Алмаз Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаев күйөөсү абакта жатканда маршрутка күтүп, остановкада турган видеосун өзү жарыялап, акчасы, машинасы жок жөө калганын билдирди, биз ага боорубуз ооруган, анткени кечээ эле өлкөнүн биринчи ледиси болуп жүргөн аялды мынчалык, өзү арызданган бечара абалга түшүрүү эч кимге аброй алып келбейт”, – деп билдирди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары Өмүрбек Суваналиев.
“Анан сот процессинде да Атамбаев да “мына, бийлик акча эсептерибизди жаап койду, аялым акчасы жок, карызга алып жашап жатат” деп арызданган. Бирок 6-октябрдагы революциядан кийин абактан чыгарылган Алмазбек Атамбаев бошотулары менен баасы миллион доллар турган брондолгон автоунаа сатып алып, минип чыкканы уят иш болду, 9-октябрда мына ошол брондолгон жаңы машинасына “Ала-Тоо” аянтында ок атылды. Качып үйүнө жеткенде Атамбаев өзү машинанын ок тийген жерлерин көрсөтүп жатып: “бул “брондолгон машина, мен отурган тарапка атышты” деп айтып жатпайбы. Аялын биринчи леди статусунан кийин маршрутка күттүрүп, унаасыз, акчасыз көчөдө калтырып, өзү болсо миллион доллардык брондолгон жаңы машина сатып алганы жигитчилик болбой калды. Эми булар аферисттер экен, аферисттерден сурак жок да”, – деди генерал Суваналиев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ