Menu

Лейлекте «Раззаков» жаңы электр чордону ишке киргизилип, Баткен облусу коңшу өлкөлөрдөн толук энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти

Поделиться

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусунун Лейлек районунда башка коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүндүк бере турган «Раззаков» жаңы электр чордонунун ишке киргизди жана ошондой эле «Раззаков-Арка» жаңы электр линияларынын тартылып бүтүшүнө жана «Арка» электр чордонунун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө байланыштуу өткөн иш-чарага катышты.

Эске салсак, «Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө 110 кВ «Раззаков-Арка» жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылып,   110/35/10 кВ “Раззаков” атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6  кВ “Арка” чордонун реконструкциялоо иши аяктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан үчүн энергетика тармагы абдан маанилүү тармак экенин белгиледи. Ошондуктан, энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту, ошондой эле элибизди жана экономика тармактарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо мамлекеттин стратегиялык максаттарынын бири катары каралууда. Буга байланыштуу өлкө жетекчилиги элге, экономика тармактарына электр кубатын жеткирүү үчүн мүмкүн болгон ресурстардын баарын, болгон күч-аракетин жумшап жатат. Бүгүнкү иш-чара дагы дал ушул энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Анын белгилешинче, энергетика ар бир мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ тармак.

Бүгүн узундугу 51 чакырымды түзгөн “Раззаков-Арка” жаңы электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” жаңы көмөкчү чордону ишке кирди, ошондой эле колдонуудагы “Арка” подстанциясын реконструкциялоо иштери аяктады.

«Баткен облусу толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот. Энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуу менен Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы жакшырат, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүлөт. Баткен облусу  коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келгендиги белгилүү. Мындан улам, тилекке каршы, элдин жашоосунда кыйынчылыктар жаралып келген эле. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Облустун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн бекемделишине да чоң салым болду», – деп баса белгилеген Садыр Жапаров, ири долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкөнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөшү – Ислам өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жыл сайын жаңы өнөр жай ишканаларынын ачылышы, курулуш тармагы менен инфраструктуранын өнүгүшү, калктын санынын көбөйүшү өз кезегинде электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келүүдө. Экономика тармактарынын жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын толук канааттандыруу максатында ГЭСтердин, подстанциялардын абалын жакшыртуу, жаңыларын куруу, электр кубатын берүүчү линияларды алмаштыруу жана башка иштерди аткаруу милдеттери турат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Министрлер Кабинети энергетика тармагында болуп жаткан кезектеги реформалардын алкагында бардык тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатканын баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө көптөгөн ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Кыргызстан энергетика тармагындагы улуттук долбоорлордон тышкары, эл аралык долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында регионалдык деңгээлдеги КАСА-1000 (CASA-1000) долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр кубатын өткөрүүчү мамынын пайдубалына капсула салынды. Бул эл аралык долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн электр энергияны экспорттоо потенциалын, ошондой эле мамлекеттин экономикасын жогорулатууга жана республиканын бюджетин толтурууга мүмкүндүк берет.

«Энергетика системасында иштеген бардык кызматкерлерге Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү болгон “Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорун аяктап, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө жасаган ак ниет эмгеги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем», – деп сөзүн жыйынтыктаган Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси жана өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон долбоордун ишке киргизилиши менен куттуктады.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha fifty eight − = 51

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: