Menu

Акылбек Жапаров: Строительство ж/д из Китая через Узбекистан выведет регион из транспортного тупика

Поделиться

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусундагы II Ташкент эл аралык инвестициялык форумга катышты.

II Ташкент эл аралык инвестициялык форуму салттуу түрдө дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 2500дөн ашуун өкүлдөрдү чогултту жана ал пленардык жыйын форматында, панелдик сессияларда өткөрүлүп анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

МинКаб Төрагасы сүйлөп жатып форумга катышуу тапшырмасын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бергендигин белгиледи.

“Сизге, урматтуу Шавкат Миромонович, урматтуу Форумдун катышуучулары, мага бүгүнкү Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна жеке катышууну тапшырган Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун каалоо-тилектерин жана ысык саламын айтуу мага өзгөчө кубаныч тартуулайт”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал Ташкент инвестициялык форуму “бекем эл аралык талкуу аянтчасы катары өттү жана анын келечеги чоң” экендигин белгиледи.

“Бул жөн эле сөз же ритуалдык комплимент эмес, анткени кадимки дүйнөлүк түзүлүштүн бардык системалары иштен чыга баштаган шарттарда биздин аймактык “кайыгыбызды” сууда кармап туруу мүмкүн экендиги барган сайын айкын болуп баратат. Биз жалпы тең салмактуулукту сактап, бирдиктүү, макулдашылган багытты карманабыз. Талдоочулар үчүн бүгүнкүдөй прогноз жасоо эч качан мынчалык кыйын болгон эмес десем жаңылышпайм”, – деди МинКаб башчысы.

Акылбек Жапаров белгилегендей, дүйнөлүк коомчулук “глобалдык экономикалык тартылуу борборунун” жылышына күбө болууда.

“2050-жылга чейин, балким андан эртерээк, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы G-7 өлкөлөрүнөн эки эсе чоң болот. Биз дүйнө региондук жана субрегионалдык экономикалык блокторго бөлүнүү жолунда баратканын көрүшүбүз мүмкүн. Мындан тышкары, алар экономикалык салмакка жана глобалдык атактуулукка ээ болот. Биз ошондой эле дүйнөнүн акырындык менен ар кандай финансылык жана экономикалык системаларга бөлүнүшүн байкай алабыз”, – деди МинКаб башчысы жана азыр дүйнө “инфляциянын акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку көрсөткүчтөрүн жана дүйнөдө акыркы 60 жылда көрбөгөн азык-түлүктүн эң жогорку баасын” башынан кечирип жатканын кошумчалады.

“Биз элдердин эң чоң миграциясына күбө болуудабыз. Бул 4 миллиард адамдын реалдуу дүйнөдөн, мындайча айтканда дүйнө калкынын жарымынан көбү социалдык медиа платформаларында жашаган “компакттык” виртуалдык дүйнөдө жашап жатат. “Жасалма интеллект” технологиясы тез өнүгүп жаткандыктан, сабатсыз адам акыркы технологиялар менен жашай албаган жана өз ара аракеттене албаган адам катары каралат. Бул өкмөттөрдөн “сабатсыздык” жана “компетенттүүлүк” түшүнүктөрүн түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат, бул дүйнө жүзү боюнча билим берүү системасында революцияны жана “билим” жана “көндүмдөргө” кайра карап чыгууну талап кылат”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө Борбордук Азиянын “атаандаштык артыкчылыктарын” дагы белгилеп өттү.

“Биз биздин аймакты экономикалык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү калыптанган бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары көрөбүз. Мындан тышкары, бул системанын бардык компоненттери бири-бирин толуктайт жана бекемдейт. Бул жерде маанилүү шарт төрт “эркиндикти” камсыз кылуу болуп саналат: адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын кыймылы. Иш көп, бирок жакшы ниет менен баарын жасоого болот. Биз биздин аймакты эл аралык саясат жана Чыгышта, Батышта, Түндүк жана Түштүктө жайгашкан өлкөлөрдүн таасир этүүчү борборлору өз ара аракеттенүүчү геосаясий ортомчу катары көрөбүз. Биз биздин аймакты бирдей маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды жана идеяларды бөлүшкөн жана колдогон активдүү өз ара аракеттенүүчү жана динамикалуу өнүгүп жаткан жамааттар катары көрөбүз”, – деди Акылбек Жапаров жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорду ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды байланыштырат, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагы, Иран, Перс булуңунун өлкөлөрү жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет”, – деп кошумчалады.

МинКаб Төрагасы өз сөзүн Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу сөздөрү менен аяктады.

“Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы “жашыл” болуп саналат, анткени ал гидроэнергетикадан алынат. Биз азырынча потенциалыбыздын 13%га жакынын гана пайдаландык. Бул негизги тармакты өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестиция керек жана биз бул жаатта эң жакын кызматташууга даярбыз. Мен оптимист адаммын жана биргелешкен күч-аракеттерибизди жумшап, табигый артыкчылыктарды пайдалануу менен биз Борбордук Азия Евразия континентинде жаңы экономикалык кереметтин мекени болуп калышына кепилдик беребиз деп ишенем. Биз биргелешип гана ийгиликтерге жетебиз, бүтүндөй аймактын, биздин өлкөлөрүбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жана бир тууган элдерибизге шарттарды түзө алабыз”, – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha + seventy one = seventy four

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: