Ош облусунун Ноокат районунда 6 жашар кызды зордуктаган адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын август айында 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелип Ноокат районунун тургуну кармалган.
2020-жылдын 5-август күнү саат 10:00 чамасында жергиликтүү тургун К.М.А мас абалында 1959-жылы туулган М.А.нын үйүнө барып, ойноп жаткан 2014-жылы туулган А.Ж.ны көргөн. Эркек киши үйдө чоң кишилер жоктугунан пайдаланып, кичинекей кызды алдап, алма бакка алып барып зордуктаган.
Ноокен райондук соту 2020-жылдын 13-ноябрында К.М.А. “Зордуктоо” беренси боюнча күнөөлүү деп таап, ал өмүр бою эркинен ажыратылган.
ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ