Menu

Имя Назарбаева предложили отразить в названии столицы Казахстана

Поделиться

Парламент Мажлисинин депутаты Куаныш Султанов Астана шаарынын аталышында Нурсултан Назарбаевдин ысымын чагылдырууну сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Парламент жыйынында депутат эгемендүүлүктүн улуу жолун түбөлүк сактоо керектинин айтып, борбор шаарга “Эгемен Казакстан” монументин орнотууну демилгеледи. Ошондой эле Конституцияда президент Нурсултан Назарбаевдин мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын белгилөөнү кошумчалады. “Эл башчысынын ысымы борбордун аталышында жана башка маанилүү объектилерде чагылдырылышы керек. Биздин жалгыз максатабыз – Эл башчынын айланасында биригип, баалуулуктарды бекемдеп, аны көздүн карегиндей сактап, келечек муунга суверендүү жана эгемен Казакстанды өткөрүп берүү”,- деди депутат Султанов.

Султановдун демилгесин башка депутаттар дагы колдоду.

Астананын атын 2013-жылы дагы өзгөртүү сунушталган. Анда Улуттук илимдер академиясынын академиги Султан Сартаев шаарды Нурсултан деп атоо керектигин айткан. 2009-жылы болсо Азербайжан элчиси Лятиф Гандилов Астананга Султан-Ата ысымын ыйгарууну сунуштаган.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha thirty eight + = forty seven

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: