Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан “Маданият” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул көзөмөл өткөрүү жайы 2004-жылы жөө адамдар үчүн ачылып, 2016-жылы Өзбекстан тараптан бир тараптуу жабылып калган.
Өткөн айда Ала-Букада кыргыз өзбек чегиндеги “Баймак”, андан мурда Ош облусундагы “Достук” чек ара бекети ачылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ