Menu

Көз боемочу Атамбаев: энергетикалык, жол куруу долбоорлорунан өөнөлгөн миллиондор мамлекетке кайтарылабы?

Поделиться

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүндө бир катар энергетикалык долбоорлорду, жол курууларды жүзөгө ашырганын айтып мактанып келет. Ооба, чынында эле анын бийлигинин тушунда жол курууларга жана энергетика тармагына өзгөчө ири суммадагы акча каражаттары сарпталды.

А. Атамбаевдин демилгеси менен «Датка-Кемин» подстанциясы жана Бишкек ТЭЦин модернизациялоо сыяктуу ири энергетикалык долбоорлор ишке ашкан. Бирок, дал ошол ири энергетикалык долбоорлорго кеткен каражаттар көпчүлүк депутаттардын шегин жаратууда.

Мисалы, парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мындай дейт: «Датка-Кемин» подстанциясын алалы. Эгерде Бишкек ТЭЦинде авария болбосо, ал жакта чоң коррупциянын уюгу жатканын билмек эмес экенбиз да. Биз Эмил Токтогулович экөөбүз Украинанын гидроэнергетика институтунан келген эксперт менен жолуктук. Дүйнөлүк стандарт боюнча, бир км чубалгы 180-220 миң доллар болот экен. 220 миң доллар – бул эң эле аска-тоолуу же чөлдө болот экен. Кыргызстанда ал 640 миң доллар болду, башкача айтканда үч эсе көп. Биз ошондой 400 кмны салдык. 400 кмны 400 миң долларга көбөйткүлө, 160 млн доллар коррупция келип чыгат. Кыргыз байкуш жон териси менен акча таап, эми ошону кредит катары 20 жыл төлөйбүз. Ал эми 160 млн долларды ким алды? Аны таппасак, анда жаңы кредит алып кереги барбы?».

«Атамекенчи» депутаттар фракция жыйынында 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде коррупция менен күрөшүү боюнча тиешелүү органдардын аткарган жумуштары менен таанышты. Фракция лидери А. Шыкмаматов Жогорку Нарын каскад ГЭСи тууралуу маселени козгоду. Эл өкүнүн баамында аталган долбоордун башында эле миллиондогон акчалар сол чөнтөккө солонгон.

«Ар бир чарчы метр курулуш 1300 доллардан айланган экен. Муну там салгандар билет, үч-төрт эсе кымбат. Мына бул көп кабаттуу үйлөрдүн чарчы метри 500 доллардан. Ал эми контейнерден салынган шаарчанын чарчы метри 1300 доллардан болуп атат. Жалпысынан 7708 чарчы метр. Ошону жазып АКСке, Кенжебек Такырбашев дегенди тапсаңар, ал Нарын каскад дирекциясынын директорунун орун басары болгон экен. Ошол боюнча убагында эле үстүгө «доложить» этилген экен, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн деңгээлинде, ошол убакта Сапар Исаков бөлүм башчы экен. Бирок, бул кагазга уруксат берилбептир. Жанагы 37 млн доллардын үчтөн экиси желип кеткен деп айтып жүрбөйбүзбү, мына ошол жерде «иттин өлүгү» көмүлгөн», – дейт Шыкмаматов.

Энергетика тармагындагы ири долбоорлордун көбүнө каражат Кытайдан насыя аркылуу келгени белгилүү. Ал эми айрым саясатчылар Кытайдан алынган ири насыялар Кыргызстан үчүн кооптуу экенин эскертишет.

«Кытайдан көп карыз алган Сивилан капорду кайра 99 жылга ижарага берип, кайра алып алды, бир чоң фордду куруп туруп. Пакистан болсо, ошондой эле фордду кайра Кытайга 40 жылга берүүгө мажбур болду. Эгерде биздин жолдорду, энергетиканы «Бизге бер» деп алып ала турган болсо, анда биздин кийинки өнүгүүбүз, суверендүүлүгүбүз, мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн кантип коргойбуз? Ошонун баары мына алдыга чыгып атат», – дейт бул багытта ЖК депутаты Акылбек Жапаров.

Депутат К. Иманалиев тоо-кен байлыктары элдин кызыкчылыгына пайдаланылбай жатат деп эсептейт. «Центерра Голд» компаниясы буга чейин деле кен байлыктарды уурдап жаткан, бирок мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун түзгөн келишиминен улам казынага 300 млн доллар зыян келди дейт ал.

«Биз Бакиевдерди издеп атабыз. Жок. Танаевди издеп атабыз. Жаңы бакиевдер Кыргызстанда жүрөт. Мисалы, Сапар Исаков кол койгон «Кумтөр» боюнча келишим менен ЖантөрөСатыбалдиевдин өкмөтү жетишилген келишимдин ортосундагы айырмачылык 300 млн долларды түзөт. Сатыбалдиевдин келишиминин 1-пунктунда көрсөтүлгөн: 50-50%га жетишкенбиз. Экинчиден, эң негизгиси ал келишимде биз «Кумтөрдүн» Конституциясын Кыргызстанга алып келгенбиз. «Кумтөрдүн» кеңсеси Торонтодо эмес, Бишкекте жайгашат дегенбиз. Кыргызстандын территориясында гана, Кыргызстандын укук коргоо органдары текшере алат деп жазганбыз. Эсептөө палатасы, фин полициясы азыр «Кумтөрдү» текшере албайт. 50-50% болгондо, ошол 2014-жылкы дивиденттин 80 млн доллары аларга, 80 млну бизге түшмөк. Ошондо 5 жылга эсептесеңер 40 млн доллар болуп атпайбы. Андан бөлөк «Кумтөрдө» кеңсе жайгашканына байланыштуу салык төлөйт. Биз азыр жылына 14 млн долларды Торонтонун мэриясына төлөйбүз. Ал кеңсе бул жакка келсе, 14 млн доллар Бишкек мэриясына төлөнүп, асфальт жолдор салынбайт беле. Жалпысынан 300 млн доллар мамлекетке зыян келтирген киши Кыргызстанда жүрөт. Буга Башкы прокуратура баа бербесе, анда тарых алдындагы парзыбызды аткара албай калган болобуз», – дейт К. Иманалиев.

Чейрек кылымдан бери карай коррупция менен күрөш өзүнүн тиешелүү жыйынтыгын бербей атканы чындык. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге олуттуу карап, коррупция менен күрөшүүчү күч органдары өздөрү коррупцияга малынып калганын айткан. Бул багытта тазалоо иштери жүрүп атканы белгилүү. Эми укук коргоо, көзөмөл жана сот органдары мына ушул жогоруда айтылып кеткен жагдайлар боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жасоосу керек. Миллиондогон долларларды «Мына энергетикалык долбоорлорду ишке ашырып атабыз» деген шылтоо менен мамлекеттен кымырып алгандар өз жазасын алуусу керек.

Булак: “УЧУР”

 

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha 22 ÷ = eleven

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: