Menu

Премьер Абылгазиев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – биздин салтыбызды, улуттук спортубуздун түрлөрүн жана маданиятыбызды дүйнө жүзүнө даңазалоодо уникалдуу мүмкүнчүлүк

Поделиться

Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу  иш чараларды өткөрүү Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын кеңейтүүдө жана биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын илгерилетүүдө таасирдүү аянтча болуп калаарын белгиледи.

«Кыргыз эли нечен кылымдык тарыхы бар, бай жана кайталангыс маданиятка ээ. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин салт-санаабызды, спорттун улуттук турлөрүн жана өзгөчөлөнгөн маданиятыбызды дүйнө жүзүнө дагы бир жолу даңазалап алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге негизги иш-чаралардын мазмундук бөлүгүнө карата даярдыктардын жүрүшү, инфраструктура, логистика, коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү маселелердин чечилиши жана укук тартиби тууралуу маалымат берилди.

Өкмөт башчы республикада бул сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө жетиштүү тажрыйба топтолгонун белгилеп кетти.

«Биздин команда алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө, кетирилген кемчиликтерди оңдоого жөндөмдүү. Мамлекеттин саясий турмушундагы окуялар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү оюндарды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек. Мындан бүтүндөй өлкөнүн кадыр-баркы көз каранды», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы кыска мөөнөттө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиштүү бардык маселелерди чечүүнү жана бюджеттик жана демөөрчүлүк каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоону тапшырды.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha ninety nine ÷ = eleven

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: