Menu

Кыргызстанда элита барбы?

Поделиться

СССР тарап, эгемендүүлүккө жет-кен Кыргызстанда да токсонунчу жылдардан бапггап соодага шыгы бар «ишкер», шылуун жигиттер ошол кез-деги элита деп эсептелген облустун, райондун, шаардын жетекчилеринин «тилин таап», өздөрүнүн «бизнесте-рин» жүргүзүшкөн. Мисалы,1993-жылдары Атамбаев да Ош облусунун губернатору А.Эркебаевдин кабине-тинде эле отурчу «арак, тамеки, пахта алып берчи» деп. Аягында жылдардан жылдар өтүп, ошол бизнесте-ги «ишкер» жигиттер Атамбаевдин президент болушу менен район, об-лус, шаар эле эмес, Акүй, Көкүйгө да агылып келишти. Бийликтин эң жо-горку креслосуна жеткенче бир топ тепкичтен өтүш керек деген болбой, бүгүн базарда отурган жигит район, облусту башкарып, министр, же ми-нистрдин орун басары, же болбосо республикалык парламентке депутат болуп келди, Жыйынтыгында, бийликтин баркы кетги.

Жаңы бийлик келди. Президентши укуктары бир топ кыскарса да эски адат менен кандай маселе болбосун элдин президентке кайрылуулары дале аздай элек. Ошол эле кезде эгер калыптынган, сөздүн толук маани-синде элита болгондо алар Атамбаевдин мезгилиндегидей эле турмуштун уланышьш каалашар эле. Анткени, ал мезгилде ар түрдүү эсептөөлөр боюн-ча 2-4 миллиард доллар жылына башка жакка кетип турган. Бирок, эң кы-зыгы, ошол бизнес менен аралашкан бюрократия да жана Атамбаевдин амири менен депутат болуп келген-дери да өз жанын сактап калыш үчүн Атамбаевди таш-талкан кьшып сатып кетишти.

Демек, бизде элита жок. Атамбаев-ден калган алешем бийликтин уба-гында секретарша, шопур, базарчы, шектүү молдокелер менен улуттук элитанын калыптанышы да мүмкүн эмес эле. Ал эми тереңирээк карасак, бизде союздун убагында башкаруу элитасы түзүлүп, калыптанган бол-чу. Бирок, алардын көпчүлүгү рынок шартында пландуу экономикадан башканы түшүнө албай өтүп кетти. Бирок, бардыгы эмес. Арасында бү-гүнкү күндүн категориясы менен ой жүгүрткөндөрү да бар. Ошентсе да кыргыз аткаминерлеринин атамза-мандан бери келаткан жер карама психологиясы бүгүнкү күндөгү пре-зиденттин короосундагыларга, же жакындарына бийликтин бардык бутактарына биротоло калыптанып калган. Ошондуктан, алар эртең ки-йинки президентти да ушундай эле акыбалга таштап кетишет. Алар үчүн өзүнүн бизнеси бардыгынан өйдө ту-рат. Башка нерсе – президент алардын бардыгын (Путиндей болуп) саясаттан кетирип, алар нормалдуу иштешин, иш орундарды түзүшүн камсыз кылып, өз бизнестери үчүн, эртеңки күнү үчүн чочубай тургандай шарт түзүп, ошого кепилдик бери-ши керек. Ошондо алар жутунуп де-путаттыкка, аким, мэр, губернатор, министрликке барбайт. Бул эми бир чара. Экинчиси, ошол аталган кыз-маттарда иштейм дегендер мамле-кеггак кадр кызматы тарабынан тес-тирлөөдөн өтүп, тестирлөөнү жана экзаменди көз карандысыз, коомчу-лук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн чоң тобу жүргүзүшү керек. Депутаттыктан баштап бардык мамлекетгик чоң-кичине кызматчы-лардын бардыгы тест менен экзамен-ден өтүп, кадрлардын улуттук резер-ви түзүлүшү зарыл.

Бүгүнкү күндө мамлекетте кор-рупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жаткан заман. Элде азыр С.Ш.Жээн-бековго болгон ишеним кредити бар. Бирок, бул түбөлүк эмес. Президентке каршы топ азыр анын ар бир кыймылын микроскоп менен карап, жылдын аягында, же жаздын алдын-да М.Конгантйевдин акталышын, же Р.Матраимовдун сот тарабынан иши-не кайра келишин баш кьшып, ондо-гон «фактыларды» элге чыгарат. Буга карата президентш жоогггору болсо керек, бирок, ошого эл ишенеби, же каршы топтун «фактыларына» ишенеби, бул башка маселе.

Коррупцияга каршы күрөштө бир катар «азаматтар» камакка алынды, эми алардын ак-карасын сот анык-таар. Бирок, биздин милдет ошол коррупциялык схеманы, ошол сис-теманы кантип жок кьшабыз – не-гизги маселе ошондо турат. Албетге, бул боюнча даяр рецепт жок. Ар бир мамлекет оз тарыхый менталитети-не жараша ар түрдүү жолдор менен коррупцияны ооздуктап келишет. Биздин президентгин аткошчулары менен соз кошчулары бул жаатта да оз ойлорун, «стратегиялык планда-рын» түзүп жатышкандыр.

Биздин оюбузча, кыргыздын уучу кур эместир. Азыркы 60-70 жаштын айланасында илим десец илими, таж-рыйба десец тажрыйбасы, аброй де-се эл-журтка аброю бар адамдардан таап, прокуратурага, сотко, бажыга, салыкка, эсепке жетекчиликке алып келип, аларга орун басарлыкка азыркы заманбап билими бар, бир нече тилди билген, чет элден окуп келген айтитехнология менен нанотехноло-гиянын түшүн жоруган жаштардан күргүпггөтүп тартуу зарыл. Өнүккөн мамлекеттерде деле сөздүн жакшы маанисинде консерваторлор менен либералдардын тең салмактуулугу сакталганда ал оз жемишин берет. Жогоруда биз айткан тармактарда таза иштеп, пенсияга кеткендерден кантип эле беш-алты таза, мамле-кетгин кызыкчьшыгы үчүн атасынын айтканын да аткарбаган түз адамдар табьшбасын? Алар деле «өлөрүмдө элим үчүн таза иштеп, жаштарды өстүрүп кетейин» деп ойлойт болуш керек. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш буларды дайындап жатканда «мамлекетгин кызыкчьшыгы үчүн эч кимди укпайсыц, мыйзам менен гана иштейсиң» деп катуу та-лап коюшу керек. Анан коомдук пи-кирди эске алса, оз жемишин берет. Биз ошентип, жады, коррупцияга ма-лынбаган элитаны түзө баштайбыз. Болбосо азыркы жаштарда да корруп-циялашкан «агаларын», «аталарын» көрүп, «мунсуз болбойт турбайбы, тааныш, же акча гана бардык маселе-ни чечет турайбы» деген психология эбак эле калыптынып калган. Максат – эми ошону токтотуу.

Президенттик моонот да тез эле аяктайт. Ушул мезгил ичинде жок эле дегенде колу-жону таза адамдар-дын тобун түзүп, эл-журтка эртецки күнгө ишеним пайда болсо да бул чоц жетишкендик болор эле.

Жолборс Жоробеков

Булак: «Азия ньюс»

 

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha twenty ÷ = two

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: