Menu

КР ИИМ Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (МТББ) 100 жыл толду

Поделиться

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын актовый залында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (МТББ) 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.
Чогулгандарга өз сөзү менен министрдин орун басары Алмаз Орозалиев сүйлөп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (МТББ) 100 жылдыгына карата куттуктоо сөздөрүн айтып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Бекжан Курманалиев куттуктоо сөздөрүн айтып, ошо менен кошо маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлери криминалдык милиция кызматынын, коомдук коопсуздук кызматынын, тергөө кызматынын бөлүмдөрү менен кошо кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымдарын кошушууда. Ички иштер органдарын маалыматтык камсыздоодо Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББда мурда иштеген жана азыркы учурда иштеп жаткан ар биринин салымы чоң.
Ошондой эле, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы А. Усубалиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлери куттуктоо жана ыраазычылык сөздөрүн айтышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ардагерлерине, конокторуна жана кызматкерлерине сыйлыктар, ыраазычылык каттар, громаталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Тактама:
1918-жылы 23-сентябрь күнү Россиянын Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын Ички иштер элдик комиссариатынын кеңешмеси өзүнүн чечими менен “Ички иштер элдик комиссариатынын статистикалык бөлүмү боюнча жобосу” бекитилген. Анда Ички иштер элдик комиссариатына баңгизат ишмердүүлүгүнүн ар кандай багыттары, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар топтолмок.
Аталган документти бекитүү күнүнөн баштап азыркы учурга чейин ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн ыкчам, жеткиликтүү маалыматтар менен камсыздаган маалыматтык бөлүмдөр түзүлдү.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жана аймактык ички иштер органдарынын маалыматтык борборлору Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен мамлекеттик бийликти ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктө колдонулуучу ыкчам тактама, издөө, криминалисттик, статистикалык, архивдик, илимий-техникалык маалыматтар менен маалыматтык жактан камсыздалуусун уюштурууну улантууда.
100 жыл аралыгында маалыматтык бөлүмдөр каттоо, статистикалык, архивдик бөлүмдөрдөн күчтүү маалыматтык түзүмгө айланды. Бүгүнкү күндө маалыматтык бөлүмдөрдүн катышуусу жок бир дагы ыкчам текшерүүлөр жүргүзүлбөйт, бир дагы кылмыш иши иликтенбейт.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha ÷ one = 8

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: