Menu

Видео – Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышты

Поделиться

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышты жана   жүк ташуучулар менен жолугушту.

Казак тараптын кошумча текшерүү боюнча бир тараптуу кабыл алган чараларынын жыйынтыгында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол» өткөрүү жайынын жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда.

Буга чейин белгиленгендей, тармактык мамлекеттик органдар мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

«Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда», – деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти.

Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Вице-премьер-министрлер ошондой эле «Ак-Тилек»  көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жердеги товарларды жана жүктөрдү каттоонун сервистик пункттунун курулуш иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 10 күндүн аралыгында  курулуш иштери аяктайт.

Тармактык органдарга кыска мөөнөттүн ичинде сервисттик пункттун материалдык-техникалык базасын жабдуу, видеокөзөмөл камераларын орнотуу, сервисттик пункттун ишинин тартибин, регламентин бекитүү жана бул тууралуу жүк ташуучуларга маалымдоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары посттордо орнотулган бардык компоненттерди бириктириген аналитикалык маалымат системасын ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha twenty seven ÷ = nine

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: