Menu

Балбак Түлөбаев: “Садыр Жапаров ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз”

Поделиться

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев президенттик шайлоодо эл жеңгенин билдирди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Балбак Түлөбаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, элди аны колдоого чакырды.

“Эл жеңди. Эл тажаган. Эл үмүттү тандады. Чыныгы жеңиш. Тарыхый чындык. Текши кыргыздын жеңиши. Садыр Жапаров ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз. Өзүнүн абройу менен алды. Алдыда өтө чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Убакыт керек. Колдоо керек”, – деп жазды ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, шайлоодо Садыр Жапаровго 79,24% добуш менен сап башына чыкты. Экинчи орунда  6,71% менен Адахан Мадумаров турат.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ

Убедитесь, что вы ввели необходимую информацию(*) там, где указано. HTML-код не допускается

Captcha − 1 = eight

Похожие новости

Меню

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: