Депутат Марлен Маматалиев айдоочуларына акысыз бензин куюп, элди ташытат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ал Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Тилекке каршы, мартшруттук таксилердин айдоочулардын жарымысы жумушка чыкпай коюшту. Чыккандарга ыраазычылык билидребиз. Кечээ кечинде бир топ жарандарыбыз кыйналды. Бүгүн дагы ушундай болуп калбасын деп, досторубуз менен чогуу эки жыл мурун өткөргөн акциябызды баштап жатабыз. Унааларды топтоп, аларга номурларды чаптап, “Элге жардам берели” деген акцияны өткөрүп жатабыз”, – деди ал.
“Ал эми унаасы бар, бирок бензини жок болсо, бул жакка келсе болот. Аларга бенззин куюп беребиз. Кечке маал, 6дан 9га чейин жарандарга жардам берип коёлу”, – деди ал.
ОСТАВИТЬ СВОЙ КОММЕНТАРИЙ